• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акыйкатчы институту Нарында балдардын коопсуздугунун сакталышына мониторинг өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Акыйкатчы институту Нарында балдардын коопсуздугунун сакталышына мониторинг өткөрдү. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы Атыр Абдрахматованын дарегине Нарын облусунда окуучу балдарга карата зордук-зомбулук, мектеп "рэкети" күч алганы боюнча, укук коргоо органдарынын бул көрүнүшкө кайдыгер болгону тууралуу бир нече арыз-даттануулар түшкөн.

Балдардын укуктарынын сакталышан жеринен көз карандысыз баа берүү максатында Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фонду менен биргеликте окуучулардын коопсуздугун, укугун коргоо боюнча тиешелүү органдардын иш аракеттерине мониторинг жүргүзүп, анын алкагында ар кандай курактагы Нарын шаарынын тогуз мектептин ичинен 700 окуучунун арасында атайын сурамжылоо жүргүздү.

Мониторингдин алкагында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, мектептердин социалдык педагогдору, ата-энелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда балдардын укуктарын жана милдеттерин коргоо боюнча атайын талкууларды өткөрдү.

Мониторингдин жыйынтыктары менен балдардын укуктарынын бузулушун жана аларга карата зордук-зомбулукту, талап-тоноочулукту алдын алуу боюнча атайын сунуштамалар тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, мамлекет жетекчилигине берилет. Мектеп окуучуларынын коопсуздугу боюнча Нарын шаарында болуп өткөн мониторинг, БУУнун КРдагы Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын көмөктөшүүсү менен ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий