• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Ала-Тоо” командасы ардагерлер арасында футбол боюнча өлкө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. “Ала-Тоо” командасы ардагерлер арасында футбол боюнча өлкө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 5-ноябрда ардагерлер арасында Кыргызстандын чемпионатынын быйылкы сезону аяктады.

Белгилей кетсек, жеңишке кайсы команда жетери акыркы раундга чейин белгисиз бойдон калган.

Жыйынтыгында “Ала-Тоо” командасы чемпионаттын жеңүүчүсү болду. 2-орунду “Ысык-Ата” ээлесе, чемпионаттын дебютанты “Кочкор” командасы коло медалдын ээси болду.

Мындан сырткары, мыкты дарбазачы – Алмаз Каракеев (“Алтай”);
- Мыкты коргоочу – Бакыт Байзаков (“Кочкор”);
- Мыкты жарым коргоочу – Доктурбек Кенжебаев (“Ат-Башы-Токио”);
- Мыкты чабуулчу – Эрлан Өмүралиев (“Ысык-Ата”);
- Мыкты бомбардир – Рашид Машанло (“Ысык-Ата”, 28 гол);
- Мыкты оюнчу – Тынар Саткынбаев (“Ала-Тоо”).

Пикир

Оставить комментарий