• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде айылдардын жаш фасилитаторлоруна смартфондор тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөү жылдын 5-апрелинде Баткен шаарында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу астында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылган “CASA-1000 Жергиликтүү коомдорду колдоо долбоорунун” жана Ага Хан фонду ишке ашырылып жаткан “Жамааттарды тартуу жана социалдык отчеттуулук” долбоорунун алкагында 77 максаттуу айылдын жаштар фасилитаторлоруна смартфондорду тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Коомчулуктарды инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин (АРИС) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, смартфондор “Жамааттарды тартуу жана социалдык отчеттуулук” долбоорунун алкагында КРдагы Ага Хан фондунун кошумча каражаттарынын эсебинен сатылып алынган.

Долбоор Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 616 фасилитаторду алардын айылдарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине катыштырууну илгерилетет жана айылдардагы социалдык отчеттуулукка көмөктөшөт.

Девайстар алардын калктуу конуштарын (айылдарын) жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча онлайн-добуш берүү жүргүзүүгө, баалоо карталарын толтурууга, маалыматтык кампанияларды өткөрүү жана тандалган тематикалар боюнча онлайн-окутуудан өтүүгө арналган.

“CASA-1000 Жергиликтүү коомдорду колдоо долбоорунун” алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын CASA-1000 электр өткөргүч чубалгыларын бойлото жайгашкан 77 айылы үчүн чакан гранттар бериле тургандыгын белгилей кетмекчибиз. АРИС долбоорун ишке ашыруу үч багыт боюнча жүргүзүлөт: электр менен жабдууну жакшыртуу; социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана киреше алып келүүчү объекттерди каржылоо. Жамааттардын мүчөлөрү артыкчылыктарды аныктап, гранттар боюнча чечимдерди кабыл алат, айылдагы долбоорлорду ишке ашырууга жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө жардамдашат.

Ошондой эле долбоордун алкагында жаштар үчүн ар кандай иш-чаралар жана тренингдер каралган, алардын жардамы менен жаштар белгилүү бир ыкмаларга ээ болушат жана жумушка ээ болушат. Март айынын башында “CASA-1000 Жергиликтүү коомдорду колдоо” жана “Жамааттарды катыштыруу жана социалдык отчеттуулук” долбоорун аткаруунун алкагында Ош шаарында АРИС жана Ага Хан фондунун кызматкерлери үчүн бир катар тренингдер өткөрүлдү. Окутуунун негизги максаты максаттуу айылдардын жашоочулары менен иштешүүдө зарыл жана каалаган жыйынтыктарга жетүү үчүн зарыл болгон эки уюмдун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу болду.

Мындан тышкары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жаш лидерлери үчүн жогоруда белгиленген эки долбоордун алкагында: “Тренердик чеберчилик жана фасилитация ыкмалары” жана “Жамааттардын керектөөлөрүн биргелешип изилдөө” темаларында тренингдер март айынын аягында өткөрүлгөн. Тренингдердин негизги максаты жаштарды фасилитация ыкмаларына окутуу жана аларды өзүнүн аймагынын өнүгүү процессине катыштыруу болду.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу башталды, анын алкагында жай мезгилинде Кыргызстан жана Тажикстан электр энергиясынын ашыкчасын Пакистан жана Афганистанга экспорттоо үчүн жогорку вольттогу электр өткөргүч чубалгыларын (ЭӨЧ) куруу пландалган.

ЭӨЧ каттамы Жалал-Абад, Ош жана Баткен областы аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин өтөт. ЭӨЧ аракеттенүү коридорунда жайгашкан 77 калктуу конуш, “CASA-1000 Жергиликтүү коомдорду колдоо” долбоорунун алкагында ЭӨЧкө жакын жайгашкандыгына, калкынын жана айылдардагы жаштардын санына, ошондой эле жакырчылык көрсөткүчүнө жараша тигил же бул каржылык колдоо алышат.

Пикир

Оставить комментарий