• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Билим 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-июндан тарта Бишкекте мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүндөн тарта ата-энелердин жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектептер ачылды.

“Буга байланыштуу мектептин микроучастогунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек, ал эми “Мектепке электрондук кабыл алуу” АИСке катталган ата-энелер, эгерде бар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайтында жүргүзүлөт.

Техникалык колдоо номерлери: +996 (312) 98 89 40, 119.

Пикир

Оставить комментарий