• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте «Бий деми» аттуу кайрымдуулук бий фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бишкекте «Бий деми» аттуу кайрымдуулук бий фестивалы өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, фестиваль 23-апрелде саат 14:00дө шаардык «Диалог» маданият үйүндө өтмөкчү.

Фестивалды “Help The Children-SKD” коомдук кайрымдуулук фонду Шаардык маданият үйү менен биргеликте уюштурууда.

"Фестивалга хореографиянын бардык багыттары боюнча балдар, жаштар жана чоңдор бий топтору катыша алышат, мында катышуучулардын максималдуу жаш курагы чектелбейт. Фестивалдын бардык бий топторунун жетекчилерине Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин Ардак грамоталары каралган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Балдар өспүрүмдөр спорт мектеби (ДЮСШ) менен биргеликте, аталган акциянын алкагында кичи залда балдар арасында шахмат боюнча турнир өткөрүлөт.

Бий топторунун мүчөлөрү 2022-жылдын 22-апрелине чейин каттала алышат. Бий фестивалынын катышуучусу үчүн төлөм: 200 сом жана андан жогору.

Кошумча маалыматтарды көрсөтүлгөн телефон номерлери боюнча жана төмөнкү сайттан тактоого болот: +996 (779) 550-405, +996 (770) 900-095 , deti.kg.

Акция Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин колдоосу менен балдардын онкологиясына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө.

Түшкөн каражаттын баары онкология менен ооругандарга жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий