• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин батыш тарабында 5 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бишкектин батыш тарабында 5 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бакаев көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Васильевский тракт, Фучик көчөсү, Профсоюзная көчөсү, Ден Сяопина көчөсү, Патрис Лумумба көчөсү, Лев Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Ала-Арча дарыясы.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий