• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда муктаж үй-бүлөлөргө 200 баш саан уй берилди

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө 200 баш саан уй тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бодо мал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө "Кумтөр Голд" ЖАКУ тарабынан берилди.

Иш-чарага эмгек министри Гүлнара Баатырова катышып, президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен ишке ашып жаткан социалдык контракт долбоорунун негизинде, быйыл да 20 миң үй-бүлөгө берилерин айтты. Ошондой эле бул долбоордун алкагында 23 миңден ашык жумуш орун түзүлөрү пландалып жаткандыгын, анын ичинен 1 100дөн ашууну Ысык-Көл облусуна туура келерин айтты.

Пикир

Оставить комментарий