• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. 121 кишинин абалы оор, анын ичинде 21 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 121 кишинин абалы оор, анын ичинде 21 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда 668 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.

121 кишинин абалы оор, анын ичинде 21 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. 448 бейтаптын абалы орточо оор жана 99 бейтаптын абалы канааттандыралык. Ошондой эле оорунун байкалбаган 6 миң 842 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирус жуктурган 488 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 11117ни түзөт. Алардын ичинен 3460 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 147 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий