• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Э.Каптагаев: «Барымтага алгандардын арасында С.Жапаровдун жакындары болгон»

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Чынын айтсам, мен бул маселе боюнча эч нерсе айта албайм. Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун кармалышы боюнча Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев ушундай пикирин билдирди.

“Эгерде УКМКнын ага карата суроолору болсо, анда алар анын барымтага алууга катыштыгын ырастаган далилдерди көрсөтүүсү керек”, - деди ал.

Э.Каптагаев белгилегендей, барымтага алгандардын арасында негизинен С.Жапаровдун абдан жакын адамдары болгон.

“Мен барымтага алгандардын арасында негизинен Садыр Жапаровдун жакын адамдары – жээн инилери, жардамчылары жана башка жакын адамдары болгону тууралуу ачык айтып жана жазып келем”, - деп баса белгилейт Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий