• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Элчи Жаманбаев Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 13.10.22./Кабар/. Кечээ, 12-октябрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын премьер-министринин орун басары - инвестициялар жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жаңы келечектүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Ж.Ходжаев жетектеген өзбек делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын пландаштыруу боюнча пикир алмашылды.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 11-отурумун жана эки өлкөнүн региондорунун башчыларын тартуу менен бизнес-форумдун өткөрүү маселелерин талкуулап, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана учурдагы долбоорлорду ишке ашырууну карашты.

Гидроэнергетика жана транспорт-логистика тармагындагы ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелер өзгөчө белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндө айыл чарба кластерлерин түзүү, Кыргызстандан сүт, эт жана тери продукциясын, ири мүйүздүү малды жана картошканы экспорттоо маселелерине көңүл бурулду.

Элчи тарабынан бир катар демилгелер сунушталды, атап айтканда эки өлкөнүн борборлорунда Соода үйлөрүн өз ара ачуу жана мындан ары аймактарда кеңейүү мүмкүнчүлүгү белгиленди. Өзбек тарап бул маселе боюнча колдоо билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуунун бардык маселелерин ар тараптуу жана предметтик талкуулоо, ошондой эле учурдагы жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн профилдик ведомстволордун катышуусу менен жумушчу топтун биргелешкен ишин улантуу жөнүндө принципиалдуу макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары - инвестициялар жана тышкы соода министри Ж.Ходжаев министрликтин атынан элчилик менен жемиштүү иштешүүгө жана жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга жигердүү күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий