• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Элчилик: Анкарада көчөдө калган аял бүгүн Кыргызстанга кайтып келет

Коом 0

Бишкек, 08.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында көчөдө эс-тутумун жоготуп жүрөт делген О.С. аттуу 1987 туулган кыргыз жараны бүгүн, 8-сентябрда Кыргызстанга кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымына караганда, Анкара шаарында көчөдө калган аялдын өздүгү такталып, жакындары табылган болчу.

“Алгач аны полиция кызматкерлери кармап кетип, КРдин Түркиядагы элчилиги бошотуп чыккан. Анкаранын мамлекеттик ооруканасына жаткырылып, тиешелүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн болчу.Түркиядагы активдүү мекендештерибиз каражат жактан жардам берип, бүгүн кызыбыз Кыргызстанга кайтып келе жатат. Бүгүн ал жактагы элчилигибиз аны Кыргызстанга узатат. Аны аэропорттон атасы тосуп алат”,-деди Кулукеева.

Пикир

Оставить комментарий