• 88.68
  • 95
  • 0.95

Фарид Ниязов 9-февралга чейин камакта калды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов 9-февралга чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, ал 2020-жылдын 9-февралына чейин №1 тергөө абагында камакта болот.

"Андан тышкары КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Кыяс Смаилов менен Амантур Жамгырчиевдердин да баш коргоо чарасы февраль айына чейин узартылды. Алар да №1 тергөө абагында камакта болушат", - деп билдиришти Биринчи май райондук сотунан.

Эскерте кетсек, Ниязов адамдарды туткунга алуу жана массалык башаламандык уюштурууга шектелүүдө.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий