• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Илим Карыпбеков КТРКнын жетекчилигине койгон талапкерлигин алып салды

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Илим Карыпбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) жетекчилигине койгон талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал КТКРнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында билдирип, себебин Facebook'тагы баракчасына түшүндүрүп жазгандыгын айтты.

Ал билдирүүсүндө, КТРКнын кызматкерлерине, ага сын айтып келген баардык адамдарга ыраазычылыгын айткан.

"Кош деп айтпайм, көрүшкөнчө КТРК", - деп жазган Карыпбеков.

Белгилей кетсек, март айында Илим Карыпбековдун КТРКнын жетекчиси кызматындагы иш мөөнөтү аяктайт. Мындан улам, жаңы жетекчини тандоо боюнча сынак жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий