• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда уурулукка шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кадамжайда уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын Ш.Т. аттуу тургуну өзү жашаган үйүнөн 7-февраль күнү белгисиз адамдар тарабынан 3 алтын шакегин уурдатканын билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кадамжай РИИБнин КБРне КР Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган.

Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Талас облусунун Кара-Буура районунун 30 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий