• 88.68
  • 95
  • 0.95

Хайитхон Хусан кызы IBSA Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Бирмингем шаарында (Улуу Британия) өтүп жаткан IBSA Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 48 кг чейинки салмакта катышкан. Биринчи айлампада аргентиналык спортчуга жеңилген. Экинчи айлампада колумбиялык атаандашын ипон ыкмасы менен жеңип чыгып, коло медаль үчүн беттеште бразилиялык спортчуну утуп алган.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш көрүүсү начар спортчулар арасында биринчи жолу өтүп жатат. Жалпы 70 өлкөдөн 1000ден ашык спортчу катышып жатат.

Мелдеш 17-август күнү башталган, 27-август күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий