• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

“Киши өлтүрүү”. Баткендеги окуяларга байланыштуу жалпы 11 иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендеги окуяларга байланыштуу жалпы 11 иш козголду. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, “Киши өлтүрүү”, “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, “Тынчтыкка каршы кылмыштар”, “Бейбаштык”, “Бөтөн мүлктү жок кылуу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери боюнча иш козголгон.

“Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургундун барымтага алынышы боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий