• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КР туриндустриясы Казакстандагы Эл аралык көргөзмөгө катышты

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Кыргызстандын туристтик индустриясы туристтик кызматтарын Казакстандагы Эл аралык “Туризм жана Саякат” KITF-2017 көргөзмөсүндө сунуштады. Иш чара 19-21-апрелде Алма-Ата шаарында өткөн.

Бул үчүн КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти жана Кыргызстандын курорттор Ассоциациясы тарабынан туристтик ишкерликтин атамекендик өкүлдөрү менен Кыргызстандын улуттук стенди уюштурулуп, сунушталды.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын туристтик маалыматтарына келгендердин жана башка өлкөлөрдүн катышуучуларынын жигердүү кызыгуусу байкалып турду.

Эл аралык туристтик көргөзмөдө 100дөн ашык өлкө, мамлекеттик делегациялар, корпоративдик кардарлар жана жеке жактар катышышты.

Бул иш-чара көптөгөн жылдардан бери жаңы өнөктөштөрдү издөөдөгү туризм тармагындагы алдыңкы бизнес платформа, ошондой эле, туроператорлор жана авиакаттамдар менен келишимдерди түзүүнүн аянты болуп келет.

Эл аралык “Туризм жана Саякат” KITF-2017 көргөзмөсү КМШ өлкөлөрүндөгү эң ири туристтик көргөзмөлөрдөн болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий