• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кувакы ашуусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун саны жети адамга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 168-чакырымындагы Кувакы ашуусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун саны жети адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалымат боюнча, Кувакы ашуусунда жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter менен MAN үлгүлөрүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган.

Белгилей кетсек, буга чейин кырсыктын кесепетинен 5 жаран жеринде каза болуп, 10 адам жабыркагандыгы кабарланган. Балыкчы шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына каза болгондор жеткирилген жана жабыркаган 3 адам жаткырылган.

Кочкор райондук ооруканасына жалпысынан 15 адам жеткирилип, анын ичинен бир ымыркай жана 1947-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран каза болгон.

"Жалпы 23 адам жол кырсыгына учурап, анын ичинен 7 адам каза болгон. Жабыркаган жана каза болгон жарандардын аты-жөндөрү учурда такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин төрт куткаруучусу тартылып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий