• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда өткөн жумада жол эрежесин бузуу боюнча 19 миң 277 факты катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жумада жол эрежесин бузуу боюнча 19 миң 277 факты катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында:
- белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3518;
- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 176;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6711;
- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 30;
- автоээнбаштык – 6;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1105;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 152;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6704;
- айдоочунун маңдайкы жана (же) алдыңкы айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 58;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 92;
- унаа токтотуучу жайга коюлду – 748.

Пикир

Оставить комментарий