• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен эмерек ташып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен эмерек ташып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-майда бажычылар тарабынан Кыргызстандын аймагына документтери жок товраларды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталган.

Алсак, Т.Ж.Т. аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан Mercedes Benz Sprinter 416 үлгүсүндөгү унаа текшерилип, андан чектеш мамлекеттен алынып келген 3 стол 36 отургучу менен табылган, жалпы баасы 150 миң сомду түзгөн.

Бул факт Оперативдүү бажынын КБР МЭАЖ АДСда катталган.

Төлөнгөн айыптык санкциялардын жана тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 75 миң 970 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий