• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга тамекини мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Кыргызстанга тамекини мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек-унаажолу" чек ара пунктунда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда ташып келүүгө уруксат берген тиешелүү документтери жок, ичинде 4 млн даана тамеки салынган 200 коробка бар экендиги аныкталган.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен биргеликте республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий