• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мамлекеттик уюмдар сатып алган товарлардын 75 пайызы импорттук

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. 2019-жылы мамлекеттик сатып алуулардын системасында чоң өзгөрүүлөр болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин пленардык отурумунун жүрүшүндө билдирди.

Учурда мамлекеттик сатып алуулардын порталында 3425 уюм катталган. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча порталдын анализи жүргүзүлүп, 72,8 миллиард сомго 100 миңден ашык сынак жайгаштырылган. АЛардын 58 миң 276сы 36,4 миллиард сомго ишке ашырылган.

"Товардык позициялардын 75 пайызы - чет өлкөдөн сатылып алынган товарлар. Биздин изилдөөлөргө ылайык, бюджеттик жана бюджеттик эмес уюмдар аларды атамекендик өндүрүшчүлөрдөн сатып ала алышат. Товарларды атамекендик өндүрүшчүлөрдөн сатып алуу керек. Мындай кадам атамекендик өндүрүштүн өнүгүшүнө чоң салым болот. Атамаекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн товарлардын сапаттарын жакшыртууга шарттар түзүлөт", - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр мамлекеттик сатып алууларга, атамекендик экономиканын өнүгүшүнө багытталган каражаттарды колдонуу керектигин белгиледи.

"Мамлекеттик сатып алуулар системасын толугу менен өзгөртүү үчүн укуктук-ченемдик актыларга тиешелүү түзөтүүлөр жана кошумчалар киргизилүүдө", - деп билдирди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий