• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында социалдык дүкөн ачылат

Аймак 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Ош шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында социалдык дүкөн ачылат. Бул тууралуу МЖӨ борборунан билдиришти.

Социалдык дүкөн ачуу боюнча "Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасы менен "Абдыкайым улуу Марат" жеке ишкеринин ортосунда макулдашууга кол коюлду.

Дүкөн Ош шаарында Б.Нурматов көчөсү, 3 дарегиндеги иштебеген соода павильондору жайгашкан жер тилкесине курулат.

Долбоор аз камсыз болгон жарандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жөлөкпул алуучуларга жана пенсионерлерге жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүүгө багытталган.

Дүкөндө социалдык маанидеги товарлар (нан, сүт, жашылча азыктары ж.б.) бардык жарандар үчүн социалдык абалы жөнүндө тиешелүү документтерди көрсөтүү менен товарлардын өздүк наркы боюнча көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий