• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын Курманбек баатыр көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Курманбек баатыр көчөсүнө асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Курманбек баатыр көчөсү шаардын түндүк тарабынан кирген негизги жол болуп саналат. Учурда эски асфальты алынып, ордуна калыңдыгы 9 сантиметр болгон жаңы асфальт басылууда.

Курманбек баатыр көчөсүнүн узундугу 3 чакырымды түзөт. Жолдун учурдагы кеңдиги 9 метрди түзсө, жаңы асфальт 12 метр кеңдикте басылууда.

Пикир

Оставить комментарий