• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жаран алдамчылыкка шектелүүдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Ош шаарында мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жаран алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык милициясына арыз менен Р.З., аттуу жаран (аял киши) кайрылып, криминалдык түзүмдөрдүн укукка каршы аракеттери жөнүндө билдирген.

Аныкталгандай, 2020-жылы “Сагыныч” аттуу чала тааныш адам “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унааны арзан баада Кореядан алып келип берем деп ишенимге кирип, жабырлануучуну алдоо менен 125 миң сомун алган. Андан соң, унааны алып келип бербей, акчасын кайтарбай койгон. Шектүү жабырлануучуну коркутуп, милицияга кайрылбоосун айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам кызматкерлер бул фактыга Баткен облусунун 37 жаштагы С.С., аттуу тургунунун тиешеси бардыгын аныкташкан. Мурда ал бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Алынган маалымат боюнча, шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

2022-жылдын 25-январында Ош шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Ош шаарында жүргүзгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө С.С.ны кармашкан.

Кармалган жаран Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий