• 88.68
  • 95
  • 0.95

С.Жээнбеков кыргыз спортчуларына: Жеңишке биргеликте жетебиз!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанда өтүп жаткан Азия оюндарында ийгиликке жетишкен кыргызстандык спортчуларга кайрылуу жасап, ийгиликтери менен куттуктады. Төмөндө анын куттуктоосу:

“Кымбаттуу спортчулар!

Жабык имараттагы жана уруш түрлөрү боюнча Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарынын 5 күндүк жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын спортчулары 30 медаль утуп алганын мен абдан чоң кубаныч, толкундоо жана сыймык менен кабыл алдым.

Кыргызстандын курама командасынын эсебинде 2 алтын, 10 күмүш жана 18 коло медалы бар. Бүгүнкү күндө медалдык зачетто өлкөбүз 15-орунда кележатат. Бул дагы чек эмес. Алдыда силерде дагы 5 күн бар, буюрса ушул мезгил аралыгында сиздер Кыргызстанды алдыңкы катарга чыгарасыңар деп ишенем.

Мен дайым ата-мекендик спорту өнүктүрүүгө жана спортчуларды колдоого өзгөчө көңүл бөлүп келгем. Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп турганда спорттук мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар менен бир канча жолу жолуккам. Спортчуларыбыз түрдүү деңгээлдеги эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип, бизди кубантуусун улантып жатышат.

Үгүт иштеринин алкагында мен учурда бүт Кыргызстанды кыдырып жүрөм. Бүгүнкү күндө республиканын көптөгөн калктуу пункттарында спорттук залдар жан асекциялар иштеп жатканына кубанычтамын. Өлкөбүздүн эң алыскы тоолуу айылдарында да спорт менен активдүү машыккан жаштарыбыз аз эмес экен. Массалык спортту өнүктүрүү максатында жакынкы беш жылда ар-бир мектепте заманбап спорттук залдар пайда болот. Бул өлкөдө спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө, жаш муунду дене тарбия сабактарына жана спортко тартууга дем берет.

Сиздердин ийгиликтериңер жаңыдан баштаган жаш спортчуларга спорттук тепкичтеги биринчи кадамдары үчүн жакшы түрткү болуп саналат. Ата-мекендик спортчулардын жеңиши биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренада аброюн көтөрүүдө. Сиздердин спорттогу ийгиликтер аркылуу дүйнөнүн эң алыскы булуң-бурчундагы элдер Кыргыз Республикасы жөнүндө билишүүдө.

Азыр биз жолдун жарымын гана өттүк, кымбаттуу спортчулар! Силер башкалардан тез, бийик жана күчтүү болушуңар керек. Мамлекетибиз үчүн медалдарды утуп берген спортчулардын колунан бекем кысам. Байгелүү орундар үчүн дагы күрөшкө түшчү спортчуларга ийгилик каалайм жана жеңиштерине ишенем.

Ишенебиз, үмүттөнөбүз, жеңиш менен күтөбүз!

Урматым менен,

Сооронбай Жээнбеков”.

.

Ашхабад шаарында байгеге жетишкен кыргыз спортчулары:

.

Алтын:

Тычтыкбек уулу Бекзат

Муртазалиев Абдурахманхаджи

Күмүш:

Мурзабеков Эрланбек

Тавалдиев Руслан

Кувалов Тилек

Мизамидин кызы Мээрим

Момунова Мээрим

Мамарасул кызы Алтынай

Сатарова Гульшаной

Кудайбердиев Эсенбек

Марсбек кызы Назира

Жуманазарова Мээрим

Коло:

Аширов Орозбек

Шаршеналы уулу Мадаминбек

Нышанов Ильяс

Келсинбеков Кадыр

Эралиев Мирлан

Айтиев Айдарбек

Бактияр кызы Нурзат

Арзыбекова Назира

Рыскулова Анара

Алыбай кызы Уулкан

Сабитов Камиль

Клешчукова Арина

Клешчукова Арина

Бекишов Ариет

Матысаев Бекжан

Шамшидин уулу Кененбек

Арзыбекова Назира

Алыбай кызы Уулкан

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 22.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий