• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Шахмат залкарлары" бир китепте: журналист Жумабаевдин тарыхый эмгеги жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигинде журналист Болотбек Жумабаевдин “Шахмат залкарлары” аттуу улуу шахматчылар жөнүндөгү китебинин презентациясы өттү.

Автордун айтымында, анын эмгегинин негизи жеке тажрыйба жана китептин каармандары менен жолугушууларда чогулган көп жылдык архивдик материалдар болгон.

“Мен ”Ленинчил жаш” гезитинде иштеп жүргөндө республиканын шахмат тармагындагы жашоосуна активдүү катыштым. Ошол жылдары Кыргызстандын шахматтык жашоосу активдүү өтүп жаткан. Фрунзеде шахмат боюнча аялдардын жана эркектердин арасында СССРдин чемпионаттары өтүп турган. Борбор шаар өлкөнүн шахматтык борборуна айланган. 40 жыл мурун Кыргызстанда шахматтык турнирлерге болгон кызыгуу өтө жогору эле. Жыл сайын ар кандай иш-чаралар өтүп, ага дүйнөлүк атак-даңкка ээ шахматчылар катышып турган”, - деди Жумабаев.

“Ошол жылдары Кыргызстанга дүйнөнүн экс-чемпиону Михаил Таль, Тигран Петросян, аялдар арасындагы чемпион Майя Чибурданидзе жана Анатолий Карпов келген. А.Карпов Кыргызстанга көп келчү, Акылбек Муратбековдун жакын досу эле. Кээде оюндарга Ысык-Көлдүн жээгинде даярданчу”, - деди автор.

Ал белгилегендей, “Шахмат вундеркинди” атка конгон Гарри Каспаров 1981-жылы 18 жашында Фрунзеде СССРдин чемпиону аталган. Ал эми Нано Иоселиани аялдар арасында СССР чемпиону болгон.

“Мен шахматтын сүйүүчүсү, жаштар гезитинин журналисти катары бардык матчтарга катышып, белгилүү шахматчылар менен маек кургам. Алар Гарри Каспаров, Анатолий Карпов, Майя Чибурданидзе, Лев Псахис, Нано Иоселиани жана башкалар”, - деди Жумабаев.

Залкар адамдар менен болгон жолугушуулардан кийинки ой-толгоолор, алардын учкул ойлору, стратегияларынын өзгөчөлүктөрү бир китепке бириккен.

“Эмил Малдыбаев, Бакыт Самаганов сыяктуу атактуу кыргыз шахматчылары менен сүйлөшкөм. Жеке архивдин жана чогулган материалдардын негизинде бул китеп пайда болду”, - деп кошумчалады автор.

Кыргыз улуттук “Кабар” агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев китептин бет ачарында сүйлөп жатып жаңы эмгекте көп пайдалуу маалыматтар бар экенин, жөнөкөй жана кызыкту тил менен жазылганын белгилеп өттү. Анын пикиринде, китеп профессионалдардын арасынан дагы, бул чөйрөгө жаңы аралашып келе жаткан адамдардын арасынан да окурман топтой алат.

Ал эми Кыргызстандын эл жазуучусу, “Байчечекей” журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов Жумабаевдин китебинин биринчи бетиндеги Чыңгыз Айтматов жана Анатолий Карповдун шахмат тактасында отурган сүрөтүндөгү “интригага” көңүл бурду.

КРнын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов өлкөнүн бардык шахмат коомчулугунун атынан Жумабаевге анын эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай пайдалуу адабият жаштарды шахматка болгон урмат-сыйга гана тарбиялабастан, китепке болгон сүйүүсүн ойготорун белгиледи.

Автордун айтымында, биринчи этапта китеп 1000 тиражда чыкты. Ал өлкөнүн китепканаларына берилет жана китеп дүкөндөрүндө сатыла баштайт.

Пикир

Оставить комментарий