• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Талант Мамытов КМШ ПААнын мааракелик медалы менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.22.Кабар/. Бүгүн, 29-мартта, Алмата шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) мааракелик отурумунда күн тартибине киргизилген бир катар маселелер каралды. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын ичинен Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо салган КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын ишмердүүлүгү талкууланып, төрага Талант Мамытов аталган маселеге кеңири токтолду. Муну менен катар саясий өнөктүккө мониторинг кылуу үчүн байкоочулар миссиясын жөнөткөндүгү үчүн КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкого жана Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилерине ыраазычылык билдирди.

“Айрыкча КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Кутбидин Бурхановго ыраазычылыгымды айтам”, – деди.

Андан тышкары жыйында КМШ ПААнын Кеңешинин Башкы катчысын дайындоо маселеси каралып, Талант Мамытов аталган кызмат ордуна Дмитрий Кобицкийдин кайрадан дайындалышын колдой тургандыгын билдирди.

“Дмитрий Аркадьевич жетектеген катчылыктын талыкпаган аракети менен Ассамблеянын өнүгүшүнө багытталган зор иштер жасалды”,– деди Төрага.

Жыйынтыгында Дмитрий Кобицкий кайрадан КМШ ПААнын Кеңешинин Башкы катчысы болуп дайындалды. Ал эми Контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагалыгына буга чейин сунушталган Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун талапкерлиги КМШ ПААнын Кеңеши тарабынан бекитилди.

Эскерте кетсек, КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын ушул жылдын февраль айында өткөн жыйынында Искендер Матраимовду төрага кылып шайлоо чечими кабыл алынган.

Ошондой эле отурумда КМШга мүчө өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттырууда Ассамблеянын ролу тууралуу сөз болуп, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө байланышкан сунуштар айтылды.

Отуз жыл ичинде жасалган иштерге токтолгон Валентина Матвиенко Ассамблеянын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинен Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовго “КМШ ПААнын 30 жылдыгы маарекелик медалы” ыйгарылды.

Кошумчалай кетсек, КМШ ПААнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы жана Нурбек Алимбеков да катышты.

Пикир

Оставить комментарий