• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркия парламентинин төрагасы Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Түркия Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым 6-декабрда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет.

Сапардын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Андан тышкары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бинали Йылдырымдын жолугушуусу да болот.

Ал эми 7-декабрь күнү расмий делегация "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат.

Андан соң, Айтматовдун 90-жылдыгына карата Кыргыз-түрк "Манас" университетинде өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат.

Пикир

Оставить комментарий