• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токио-2020: Айпери Медет кызынын алгачкы атаандашы ким?

Спорт 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында кыз-келиндердин күрөшү боюнча эртең, 1-августта килемге чыга турган кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Токио шаарынан Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Маалыматка ылайык, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөшөт.

Айперинин алгачкы атаандашы 29 жаштагы Элмира Сыздыкова дасыккан, тажрыйбалуу балбан болуп саналат. Ал 2016-жылы Рио-де Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын коло байгесин уткан. Ошондой эле Азия чемпионаттарынан күмүш, коло медалдарын утуп, бир да жолу Азия чемпиону болгон эмес.

Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн жандырган 22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси болуп саналат. Ошону менен бирге 2020-жылы Азия чемпиону аталган.

Кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери Айпери Медет кызы 1999-жылы 30-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. Ал 2020-жылы Дүйнө кубогунун, Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү болуп саналат.

2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана чыгыш өнөрү боюнча Азия оюндарында 75 килограммга чейинки салмакта коло медалга ээ болгон. Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта ал бардык атаандаштарын жеңип алып, Кыргызстандан чыккан жаш кыздар арасындагы биринчи дүйнө чемпиону болгон

Эске салсак, Финляндиянын Тампере шаарында 2017-жылы 1-6-август аралыгында өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы финалда япониялык балбан Ясухи Мацуюки менен беттешип, 8:6 эсеби менен жеңип алган.

2018-жылы Жакартадагы Азия оюндарында Айпери мелдештин коло медалына татыктуу болгон.

2019-жылы Венгриянын Будапешт шаарында өткөн эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 76 килограммга чейинки салмакта коло байгенин ээси болгон.

2020-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында 76 кг салмакта күмүш медаль тагынган.

2020-жылы декабрда Сербиянын борборундагы Дүйнөлүк кубокто 76 кг салмакта коло медалды жеңип алган.

Айпери Медет кызы казакстандык атаандашын утса, чейрек финалда россиялык же египеттик балбан менен күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий