• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Төрага кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз элин ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоо катында мындай деп айтылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан отуз күндүк Орозо айынан кийин келүүчү ыйык Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Муктаждарга кайрымдуулук кылып, аларга жардам колун сунуу Орозо айындагы негизги эрежелердин бири. Тилекке каршы, Кыргызстанда жардамга муктаж жарандар аз эмес жана биздин максат аларга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Отуз күндүк Орозодо жакшылыктар арбын жасалып, жаман ойлорго бөгөт коюлуусу тийиш. Анткени Орозо кечиримдүүлүк менен берекенин айы.

Биз бул айды жакшы тилек, жаркын үмүттөр менен күтөбүз. Таӊдан-кечке тамактануудан баш тартуу менен гана чектелбей, мусулмандар ыйык айда ыйманын жаӊылап, жан-дүйнөсүн аруулап алууга ашыгат. Ошонусу менен Орозо айт майрамы улуу!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Мына ошол улуу Орозо айт майрамы ар бир үйгө ырыс-кут, өлкөбүзгө биримдик алып келсин! Жергебизде тынчтык болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!"

Пикир

Оставить комментарий