• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Чүй облустук жол кыймылы башкармалыгынын башчысынын кармалышынын себебин айтты

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Актилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинде турган Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору тарабынан пара алуу боюнча тутумдашкан фактыларды аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, "Актилек" бекетинде аталган инспекторлор документтерди текшерүүнү шылтоолоп, чет өлкөлөргө жүк ташыган унаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5 миң сомго чейин акча каражатын тынымсыз алып турганы аныкталды. "Актилек" өткөрүү бекети аркылуу күн сайын 100дөн 200гө чейин жүк ташуучу унаа өтөт.

"24-декабрда ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 3 инспектору - М.Т.М., Ш.Р.М., А.С.А. кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 25-декабрда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар делип Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Б.Ш. кармалган.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аталган коррупциялык схемага тиешеси бар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башка кызматкерлерине карата ыкчам тергөө иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий