• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардан 356 кожолук жана 11 га чарба жерлери корголду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардан 356 кожолук жана 11 га чарба жерлери корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу-планы 2 объектте иш мерчемделип, 1 объектиде жумуш жүргүзүлүп 2020-жылдын 30-апрелинде жумуш 100% аткарылып аяктаган.

Жыйынтыгында кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду, 73 кожолук, 11 га айыл чарба аянттары, 1 мектеп, 1 клуб, 1 ФАП, ички чарбалык жол (2,5км) жана 3 көпүрө табигый кырсыктардан корголду. 4 шпора курулду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы Болжолдуу-планына 24 обьект киргизилип, 2020-жылдын 6 ай ичинде облус боюнча 12 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 9 объектиде иш бүткөн жана 3 объектиде иштер улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 283 кожолуктун, 1 мектеп, 1 ФАП табигый кырсыктардан корголду.

Жалпысынан 13 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 3 объектиде жумуш жүрүп, 10 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 356 кожолук жана 11 га чарба аянттары, 2 мектеп, 2 ФАП, 1 клуб, ички чарбалык жол (2,5 км) жана 3 көпүрө табигый кырсыктардан корголду.

Пикир

Оставить комментарий