• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзбекстан 382 миң долларга коронавируска каршы дары сатып алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги «Дори-Дармон» компаниясынан 15,3 миллиард сумга (382,5 миң доллар) медикаменттерди сатып алды.

Алардын арасында 3,9 миллиард сумга бааланган 500 таңгак гидроксихлорохин дарысы бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) быйыл октябрда жарыяланган изилдөөсүндө гидроксихлорохин COVID-19ду дарылоодо натыйжасыз экени белгиленген.

«ДССУ ремдесивир, гидроксихлорохин, лопинавир / ритонавир жана интерферон дарыларын колдонуу менен өткөргөн клиникалык сыноонун утурумдук жыйынтыктары бул медикаменттердин натыйжасыз экенин көрсөттү. Алар өлүмдөрдүн санына эч кандай таасир эткен эмес», — деп жазылган изилдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий