• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” паркына жыгачтан жасалган таштанды урналары орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” паркына жаштардын демилгеси менен жыгачтан жасалган таштанды урналары орнотулду. Бул тууралуу Жала-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле «Жаратман жаштар» долбоору аркылуу урналардан сырткары бир нече аялдамага коомдук транспорттордун айрымдарынын жол графиги жана шаардын картасы орнотулду. Ал үчүн 45 миң сомдой акча каражаты сарпталган.

Долбоор ЮНИСЕФ тарабынан колдоого алынып, БУУнун “Тынчтык куруу” фонду тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий