• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жогорку Кеңеш 2018-жылга республикалык бюджет долбоорун жактырды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышты, анда үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджет долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжол маселелери каралды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Парламентарийлердин суроолоруна Премьер-министр Сапар Исаков, Өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик орган жетекчилери жооп беришти.

Кеңешменин жыйынтыгында КР Жогорку Кеңешинин депутаттары «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Пикир

Оставить комментарий