• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Ак кемедеги” Нургазы тууралуу тасма Кыргызстандагы фестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 10.12.18./Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү эл аралык кинофестивалда “Ак кемедеги” Нургазы тууралуу тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Нургазы Сыдыгалиев тууралуу кыска метраждуу даректүү тасма “Бугулар кайтып келгенде” деп аталат. Анын режиссеру - Данияр Абиров. Буга чейин бул режиссер Нургазы Сыдыгалиев баш ролдо ойногон “51+” кыска метраждуу оюн тасмасын тарткан.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Ак кеме” тасмасынын режиссеру - Болот Шамшиев. Тасмада башкы ролду ойногон бала - Нургазы Сыдыгалиев учурда жашы элүүгө келип калды.

“Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы 12-15-декабрь күндөрү “Манас” кинотеатрында өтөт.

Фестиваль жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өткөрүлүп, туулган күнүн утурлай ачылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий