• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баасы дээрлик 1 млн сом. Жалал-Абадда мыйзамсыз ташылып келген жез аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Жалал-Абадда мыйзамсыз ташылып келген жез аныкталды

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Т.С.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда өлкө аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товардык документтери жок жез аныкталган.

Жүктүн жалпы салмагы 2800 кг, орточо базар баасы 980 миң сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий