• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

"Онлайн Университети" платформасы: TOEFLга даярдануу боюнча вебинар өттү

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Кечээ, 17-майда "Онлайн Университети" платформасы “TOEFL эмне жана эмне үчүн керек?” деген темада вебинар өткөрдү. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучусу Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда TOEFL тестине даярданууда эң керектүү стратегиялары баяндалды. Тестке кантип туура даярдануу керек экени жана жогорку баллга жетүүнүн жолдору үйрөтүлдү. Тестти тапшырган студенттердин эң көп кетирген каталары талкууланып, аларды алдын алуучу жолдор сунушталды.

Ошону менен катар иш-чарада TOEFLге даярдануунун өзгөчөлүктөрү, ар бир бөлүктө каралган убактылары, аны туура пайдалануу, суроолордун түрлөрү, тесттердин ар бир стадиясындагы коюлган маселелери жана андагы көп пайдаланчу суроолор, таяныч суроолор, сүйлөмдөрдү логикалык байланыштыра билүү, сөз корунун көп же аздыгына жараша аны сапаттуу пайдалануу жөнүндө айтылды.

TOEFLге даярдык жөнүндө кийинки вебинарда каралчу маселелер жөнүндө да маалымат берилди. Вебинардын спикери Чынаркул Рыскулова, жогорку окуу жайларын башкаруу адистиги боюнча PhD (Кент Стейт университет, АКШ) жана филология илимдеринин кандидаты (КРСУ), БААУнин доценти.

Багыты: жогорку окуу жайларындагы кѳз каранды эмес аккредитация жана билим берүүнүн сапатын баалоо, англис жана кыргыз тилдеринин салыштырма грамматикасы боюнча адис.

Абдырахман кызы Наргиза, англис тилин чет тил катары үйрѳтүү (БГУ), Окуу программаларын түзүү (Монтана Университети, АКШ), антропология (БААУ), БААУнин мугалими.

Багыты: Англис тилин үйрѳтүү, TOEFLга даярдоо боюнча иш алып барат.

Жийдегүл Алымидин Кызы, англис тилин чет тил катары үйрѳтүү боюнча PhD жана филология илимдеринин кандидаты, БААУнин м.а. доценти, Синхрондук котормо бѳлүмү (КТМУ), Англис тилин чет тил катары үйрѳтүү (Гази Университети, Түркия).

Багыты: Англис тилин чет тил катары үйрѳтүү, академиялык англис тилин үйрѳтүү, онлайн тил үйрѳтүү, TOEFLга даярдоо, тил үйрѳтүү теориялары жана усулдары боюнча изилдөө жүргүзүп келет.

TOEFL – бул англис тилинин чет тил катары тести. Америкада жана ошондой эле бир катар англис тили колдонулган чет мамлекеттерде окуйм, иштейм деген ар бир чет элдик жаран бул тестти тапшырыш керек. TOEFL тестинин жыйынтыгы 130дан ашуун ѳлкѳдѳ ишке орношууда же бир окуу жайына кирүүдѳ жарактуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий