• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Санк-Петербургдагы кыргыз мигранттын өлүмүнө шектүү адам кармалды

Коом 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен токмоктолуп өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган. Текшерүү учурунда ал 30 жаштагы кыргызстандык жаран экени аныкталган.

Полициянын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 27 жаштагы М.М. аттуу Россиянын жараны шектүү катары кармалган.

Шектүү жаран Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факт боюнча "Адам өлүмүнө алып келген атайылап ден соолукка зыян келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизаларды жүргүзгөн соң, каза болгон жаран Кыргызстанга жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий