• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Азык-түлүк баалары өссө да кескин түрдө баанын көтөрүлүшү болбойт – Монополияга каршы агенттик

Коом 0


Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Азык-түлүк баалары өссө да кескин түрдө баанын көтөрүлүшү болбойт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Маалымат жыйында "доллардын курсу акырындап өсө турганы билинип жатат. Ал өз кезегинде азык-түлүктүн бааларынын өсүшүнө алып келет. Ал учурда бааларды кантип көзөмөлгө аласыңар" деген суроо берилди.

"Учурда азык-түлүктүн 11 түрүнө мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген. Баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербейбиз. Күн сайын баалар боюнча кырдаал, импорттоочулар, социалдык жактан маанилүү азыктар боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө. Эгер алынып келген же өндүрүлгөн продукция биз белгилеген бааларга туура келбесе анда бааларды кайра карайбыз. Баалар өссө да анчалык көп көтөрүлбөйт. Башкача айтканда азык-түлүктүн баасы кескин түрдө көтөрүлбөйт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий