• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Боронов чиновниктерге тоо-кен маселелери боюнча туура саясат жүргүзүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференцияда жергиликтүү бийлик органдарына аймактарда элдер менен тоо-кен маселелери боюнча туура саясат жүргүзүүнү тапшырды.

Ал баса белгилегендей, жаңы өкмөт иштеп баштагандан бери жер, кен байлыктарды иштетүү боюнча лицензияларды берүү маселеси токтогон. “Биз баардыгын иретке келтирип, канча байлыгыбыз бар, аларды кандай иштетүү керек жана бүгүнкү күнгө чейин кандай иштетилип келген деген маселелерди тактайлы деп токтотконбуз. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети инвентаризация жүргүздү. Баардык иштер аяктап, эми тоо-кендерди пайдаланууга лицензияларды бере баштады”, - деди ал.

Бороновдун айтуусунда, Кыргызстандын бюджетине эң чоң салып кошо турган – тоо-кен байлыктары. Эгер бюджетти толтурган бир ишкана токтой турган болсо, экинчисин ишке киргизе турган стратегия иштеш керек. Эгер Кумтөрдүн иши токтой турган болсо, анда башка жер казынасын иштетип, ордун толуктоо керек. Болбосо, мектеп, ооруканалар, соцобъектилер кайдан болот? Айлык, пенсияларды көтөрүү керек.

“Биз кен байлыктарды туура пайдаланып, калчу нерселерди калтырышыбыз керек. Келечек муунга биз жакшы турмуш, жакшы тарбия, билим, татыктуу жашоо калтырышыбыз керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий