• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаевге карата баш коргоо чарасы узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго карата баш коргоо чарасы 2021-жылдын 10-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаевдин баш коргоо чарасын 10-апрелге чейин узартты.

Эскерте кетсек, Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча кармалган. Аталган иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков дагы өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий