• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 73 адамдан COVID-19 табылып, 38и айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 58, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда– 2, Ысык-Көл облусунда –7, Жалал-Абад облусунда - 5 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 20, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3 жана Ысык-Көл облусунда – 3 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгонгдор катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 360 адам дарыланууда.

Штабдан билдиришкендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 220 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты", - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 462 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 223 киши айыгып чыкса, 1 миң 490 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий