• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 379 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Коом 0

Бишкек, 01.01.21. /Кабар/. Сутка ичинде 2020-жылдын 31-декабры саат 08:00дөн 2021-жылдын 1-январы саат 08:00гө чейин республика боюнча – 379 ымыркай жарык дүйнөгө келген, анын ичинде эки эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 207и – эркек, 172си – кыз.

Белгилүү болгондой, эки эгиз төрөлдү: Ысык-Көл облусунда саат 00:45те салмагы 4600 грамм болгон эркек бала жана 00:58де салмагы 3900 грамм болгон кыз, Жалал-Абад облусунда саат 04:55те салмагы 3415 грамм болгон кыз, 05:08де салмагы 3250 грамм болгон кыз.

“Бишкек шаары боюнча жалпысынан 67 төрөт катталган, алардын 35 - уул, 32 - кыз бала. Түнкү саат 00:00дө Самаркандектеги Жалпы практика борборунда салмагы 3200 грамм болгон кыз жарык дүйнөгө келсе, 00:05те Бишкектеги Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунда салмагы 3352 грамм болгон кыз төрөлгөн. Ал эми 00:15те Ош шаарынын Перинаталдык борборунда салмагы 3800 грамм болгон эркек бала жарыкка келген”,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий