• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын 7 төрөт үйүнө ымыркайлар үчүн жасалма дем алдыруучу аппарат берилет

Ден соолук 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигине ымыркайлар үчүн жасалма дем алдыруучу 30 аппарат өткөрүп берилди. Ал өлкөнүн 7 төрөт үйүнө бөлүштүрүлөт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тапшыруу аземине КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышты.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн жасалма дем алдыруучу аппараттар ЮНИСЕФ тарабынан Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен сатып алынган. Жабдыктардын баасы 14 млн сомду (165,30.00 АКШ долларын) түзөт.

Пикир

Оставить комментарий