• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Ош шаарында мэр Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы боюнча 2-мартта массалык ишембилик өттү.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шаар тургундары, жаштар, студенттер катышты.

Ишембиликтин катышуучулары шаар айланасын тазалап, өздөрүнүн тегерегиндеги арыктардын ичтерин да тазалап чыгышкан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин айланасынан эле болжол менен 5 тоннадай таштанды чыгарылган.

Белгилей кетсек, Ошто шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлык жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий