• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди (Сүрөт)

Аймак 0

Ош, 03.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда Ош шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер келип катышты.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров мугалим дүйнө жүзүндөгү эң ардактуу кесип экендигин белгилеп, коомду тарбиялоодо эмгеги эбегейсиз деп баса белгиледи.

“Мугалим өзүнүн иши аркылуу көптөгөн муундардын дүйнө таанымынын негиздерин түзүп, аларга акылмандыктын жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болуп келишет. Ар-бир мугалимдин билим берүү чөйрөсүндөгү жекече олуттуу салымы сый-урматты пайда кылаары талашсыз. Ошондуктан, өлкөбүздүн урматтуу педагогдоруна чын жүрөгүмдөн алкыш айтып, урматтоомду билдирем. Ош шаарынын мэриясы мугалимдерди колдоо иретинде үч жылдан бери коммуналдык төлөмдөр үчүн акча каражатын бөлүп келет. Ал эми шарттарды түзүү багыты да колдоого алаарлык. Акыркы үч жыл аралыгында эки мектеп, алты бала бакча курулуп, колдонууга берилди. Жакынкы күндөрү дагы жаңы билим берүү уяларынын курулуш иштерин тапшыруу алдында турабыз”, - деди З.Аскаров.

Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн, жогорку жана орто окуу жайларынын, мектептердин бир нече мугалимдери Жогорку Кеңештин, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары жана КРнын Өкмөтүнүн төш белгиси менен сыйланышты.

Сыйлоо аземи концерттик программа менен уланып, мугалимдерге майрамдык маанай тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий