• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто УКТ мүчөлөрүнө кол салуу. Дагы бир шектүү Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.01.23. /Кабар/. Ош шаарында жасалган кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынан аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-январда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Ош облусунун 1998-жылы туулган Шакир уулу Курсантбек аттуу тургуну кармалды.

ИИМден белгилешкендей, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган. Ошондой эле кечээ, 14-январда аталган кылмышка шектелип дагы эки жаранга издөө жарыяланган. Ал эми 13-январда издөө салынган 2 жаран 14-январда Чүй облусунун аймагынан кармалган. Ошол эле күнү дагы бир шектүү Ош облусунун аймагынан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий