• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Россия жарандыгын алууну каалаган кыргызстандыктардын саны азаюуда

Коом 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Былтыр Россия жарандыгын 876га жакын кыргызстандык алган, жыл сайын аны алуу тенденциясы төмөндөөдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр РФ аймагына 738 миң Кыргызстандын жараны кирип, 642 миңи чыккан.

“1-мартка карата Россияда 632 миң 337 адам бар. 241 миң 744 жаран катталган. 752 миң жаран убактылуу жашоого, 4 миң 261 жаран жашоого уруксат алган, 876 – Россия жарандыгын алган”,-деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө кыргызстандыктарга Европа экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн аймагында жумушка эркин орношууга болот, ошондуктан РФ жарандыгын алууну каалагандардын саны азаюуда.

Пикир

Оставить комментарий